БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков КТРКны убактылуу башкарат. Мындай чечим Байкоочу кеңештин кезексиз жыйынында кабыл алынганын Игорь Шестаков биздин кабарчыга билдирди.
Шестаковдун айтымында, Карыпбековдун Байкоочу кеңештеги төрагалык мөөнөтү да аяктаган. Аткаруучу директор болуп жаңы дайындалган Карыпбеков "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын аткаруучу директорлугунан кетүү боюнча арыз жаза турганын билдирди.
Белгилей кетсек, жума күнү КТРКнын Байкоочу кеңеши Султан Жумагуловдун ээлеген кызматынан өз эрки менен кетүү тууралуу жазган арызын кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулган. Жыйындын жүрүшүндө КТРКнын башкы директорунун орун басары Кубат Болоткановдун да жазган арызы канааттандырылып, ал кызматынан четтетилди.