Эксперттер: БУУнун комитети Кыргызстанды кылмыш жасоого түртүп жатат

© REUTERS / Eric ThayerБУУнун желеги. Архив
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү эксперттер этнос аралык жаңжалды козуткан деп өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүнө өз пикирлерин айтышты. Алардын баамында мындай билдирүүлөр бир гана саясий негизди көздөп жатат, себеби, Аскровдун айыбы эбак эле далилденген.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Этнос аралык жаңжалды козуткан деп соттолгон Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды кылмыш жасоого түртүп жатканын бир катар эксперттер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдиришти.

21-апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланды. Документте "ал мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин орун басары Абдывахап Нурбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Аскаров боюнча БУУнун бүтүмү — Кыргызстандын ички ишине кийлигишкендик
ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылууда

Азимжан Аскаров 2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагында улут аралык араздашууну тутандырган, массалык башаламандыктарды уюштурган жана милиция кызматкерин ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышкан деп 2011-жылы өмүр бою абакка кесилген. Ошол убакта ал Бишкек — Ош жолун жабууну уюштургандардын бири болгон. Нааразы болгондор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн куралсыз 13 милиция кызматкерин нааразы болгондор аларды аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Эл аралык уюмдардын талаптары мыйзамдуубу жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирбейби деген суроо менен Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү эксперттерге кайрылды.

Бул кылмыш

Күч түзүмү боюнча экс-вице-премьер Токон Мамытов мындай талапка ачуусу келгенин жашырган жок. Өзгөчө БУУ комитетинин эксперттеринин корутундусу олуттуу экенин айтат.

"Бул акылга сыйбаган талап. Алар президенттин соттордун чечимине кийлигишүүсүн талап кылууда. Сот бийлиги барына белгилүү болгондой бийликтин көз карандысыз бир бутагы. Алар Кыргызстанды кылмыш жасоого түртүп жатат. Мыйзамга каршы келген чечимди сунуштаган эмне деген эксперттер комиссияга чогулуп алган. Комитет чечим чыгаргыдай сот эмес", — дейт Мамытов.

Юридика илимдеринин доктору, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Байкоочу кеңешинин жетекчиси Кайрат Осмоналиев ЕККУ менен Прессанын эл аралык институтунун талаптарына каршы экенин билдирди.

"Тезинен бошоткула деп талап кылуу мыйзамды бузуу болуп саналат. Биздин Кылмыш-процессуалдык кодексинде эл аралык уюмдардын талаптары боюнча бошотуу керек деген норма жок. Жаңы ачылган кырдаалдан улам бошотуу деген норма бар", — деди Осмоналиев.

Ким сот?

УКМКнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси БУУнун комитетинин эксперттери менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болгонун айтып, алар Аскаровду бошотууну сунуштаганын билдирди. Бирок, алардын позицияна таң калганын мындайча айтып берди.

"Мага Аскаровдун адвокаттары чогулуп алгандай таасир калтырды. Алар калыпка салынган гана нерселерди айтып, Кыргызстанды концлагер сыяктуу сыпатташты. Андыктан объективдүү эксперттерди тандоо керек. Ошондой эле Аскаровдун улуттук азчылыктын өкүлү экенине аябай басым жасашты. Анын улуту ким экени маанилүү эмес, анын кылмыш жасаганы аныкталган факт. Жүздөн ашык киши өз көрсөтмөлөрүн берген", — дейт Осмоналиева.

Ички иштерге кийлигишүү

Жергиликтүү эксперттер мындай талаптар өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашат.

"Мен дагы экспертмин, АКШ бардык баш кесерлерди бошотсун деп талап кое алам. Бирок андайга барган жокпуз, бул юридикалык нормаларга туура келбейт жана өлкөнүн ички ишине кийлигишкендик болот", — дейт Мамытов.

Ал эми Осмоналиев мындай талаптар акылга сыйбай турганын айтышат.

"Талап кылганга укугу жок. БУУнун уставында суверенитетти урматтоо жана башка өлкөнүн ишине кийлигишпөө деп белгиленген. Эгер эл аралык укукту карай турган болсок, бир дагы уюм мамлекетке талап кое албайт. Корутундуну Кыргызстан гана чыгарат. Суверенитетти сыйлоо керек жана эч ким сотко басым жасай албайт", — деди Осмоналиев.

Аргументтер жана фактылар

Мамытовдун айтымында, Аскаровго карата зордук-зомбулук болуп аны мыйзамсыз ыкмалар менен суракка алган деген айыптоо бар.

"Айтылып жаткан зордук-зомбулук жөнүндө корутунду кайда? Медициналык экспертиза жок. Мыйзамсыз ыкмалар тууралуу: кайсы ыкмалар тууралуу айтып жатат, эмнеге аларды көрсөткөн эмес?", — деп суроо салат экс-вице-премьер.

Осмоналиев зомбулук боюнча сөз менен гана айыптоо бар экенин айтат.

"Түрмөдөгү абал тууралуу айта турган болсок, ал жак санаторий эмес да. Шарты бизден да жаман болгон мамлекеттер бар. Биздеги абал европалыктардыкына жакын. Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгон. Бизди колдоп добуш бергендер Кыргызстанда адам укуктары боюнча абал жакшы деп эсептешкен", — дейт ал.

Чалмакейди ким чалууда?

Мамытов мындай билдирүүлөр жөн жерден болгон жок деп эсептейт. Ошондой эле Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти сыйлык берип жатканы да жөн жерден эмес.

"Бул көптү көздөп алдын ала пландалган кадам. Бул маселени жаңы жол менен алып чыгышууда. Эмне үчүн? Сыйлык тапшыра калып уят болушту. Анткени башка мамлекеттер да сыйлыкка каршы болушкан", — деп эсептейт мырдагы аткаминер.

Күнөстүү шаардын күйүттүү трагедиясы. Июнь коогалаңына беш жыл
Ал эми Осмоналиев өз кезегинде мындай билдирүүлөрдүн геосаясый боектору бар экенин жана Россия менен Батыштын "кармашып" жатканына да байланыштуу дейт.

"Мындай билдирүүлөр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштуу бузууга болгон аракет. АКШ БУУга өз таасирин көрсөтүп жатканын ЕККУнун аракетинен байкасак болот. Мунун бары бир-бирине байланыштуу жана саясый басым деп айтууга болот. Биз "Чоң саясый" оюндардын кучагындабыз", — дейт.

Осмоналиев саясаттан да укук маанилүү экенин айтып, ийилгени менен сынбайт деп ишене турганын кошумчалады.

Азимжан Аскаров ким экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0