"Айкөл" чек ара заставасындагы кол салуу атайын жасалмаланган

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош шаарындагы блокпост
Архив: Ош шаарындагы блокпост - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара заставасында болгон кол салуу жасалма экени аныкталды. Аталган чек ара заставасынын жоокери болгон окуяны мойнуна алып, анын жасалма болгонун айтып көрсөтмө берген.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара заставасында болгон кол салуу жасалма болгон. Аталган чек ара заставасынын жоокери болгон окуяны мойнуна алып, анын жасалма болгонун айтып көрсөтмө берген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы Sputnik сайтына тастыктады.

Маалыматка ылайык, учурда жоокердин мындай кол салууга баруусунун мотиви, максаты жана себептери иликтенип жатат.

Аталган окуяны тергөө иштери уланууда.

Архив: чек ара - Sputnik Кыргызстан
"Айкөл" чек ара застава башчысынын орун басарынын абалы оор деп бааланууда
Үстүбүздөгү жылдын 16-январында болжол менен саат 22:50дө белгисиз адамдар Лейлек районун чек ара тобунун карамагындагы "Айкөл" чек ара засатавасына куралдуу кол салган. Анын кесепетинен улук лейтенант Тынчтык Исмаилов каза болуп, эки жоокер жаракат алган. 

Алмазбек Атамбаев бул кол салуудан каза болгон жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берүү боюнча буйрукка кол коюп, аны дыкат текшерүүнү тиешелүү органдарга тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0