ТИМ Москвадагы өрт кырсыгынан улам атайын байланыш телефондорун ачты

© Sputnik / Анастасия АлександроваӨрт кызматкери жардам берүүдө. Архив
Өрт кызматкери жардам берүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерден ооруканага жетпей көз жумган жарандыгын ким экендигин такталган, ал 26 жаштагы Айчурөк Абдимаматова аттуу жаран болуп чыкты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москвада өрттөн кыргызстандыктар каза болгон жагдайдан улам Тышкы иштер министрлиги 0556 00-72-32, 0557 71-05-35 номурлуу атайын байланыш телефонун уюштурду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик буга чейин Москванын Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканадагы өрттөн кыргызстандын 15 жараны көз жумганын, андан сырткары үчөө – бир аял менен эки эркек оор абалда ооруканада жаткандыгын билдирген. 

"КРдин Москвадагы элчилигинин кызматкерлери күйүк алып ооруканага түшкөн кыргызстандыктардын абалы менен таанышты. Алардын абалы ото оор бойдон калууда", деп билдирди маалымат кызматы.

Ал эми кырсык болгон жерден ооруканага жетпей көз жумган жарандыгын ким экендигин такталган, ал 26 жаштагы Айчурөк Абдимаматова аттуу жаран болуп чыкты.

"ТИМ Консулдук кызмат Департаментинин алдында 0556 00-72-32, 0557 71-05-35 номурлуу атайын байланыш телефонун ачты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында жалын чулгаган имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Ажал тапкандардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин калып кеткендиги айтылууда.

Москвада болгон өрт кырсыгы боюнча түзүлгөн хронология менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0