Исанов-Чүй көчөлөрүндө атылган ок жана чет элдик бизнесмен. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында бутага алынган жер.
Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында бутага алынган жер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан учурда окуя болгон жердин айланасы тосулуп, издөө иштери башталганын билдиришти.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында бутага алынып, ок атылган киши чет элдик ишкер экендигин ИИМден билдиришти.

Алдын ала маалыматтарда чет элдик жарандын өмүрүнө кол салуунун себеби ишкердик менен байланыштуу болушу мүмкүн. 

© Sputnik / Эркин АлымбековОказание первой помощи пострадавшему
Оказание первой помощи пострадавшему - Sputnik Кыргызстан
Оказание первой помощи пострадавшему

Бүгүн Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында ишкерге эки ирет ок атылып, бирок оор жаракат алган эмес.

"Алдын ала маалыматтарга караганда ага азият түспөлүндөгү адам ок чыгарган. Аткан киши ошол аймактагы "Деревяшка" кафесин көздөй жөө чуркап кеткен. Учурда окуя болгон жердин айланасы тосулуп, издөө иштери башталды", — деп билдирди ИИМдин өкүлү.

Милиция кызматкерлери издөө ишетри учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция Чыгыш-5 кичи районунда атышкандарды кармоо үчүн катуу тартипте иштеп жатат
Маалыматтарда чет элдик жаран кеңсесинин жанында автоунаасында отурганда кол салуу болгон. 

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын Алмаз аттуу күбөсү төмөнкүнү айтып берген: "Горький атындагы парк тарапта отурганбыз. Бир учурда ары жактан жарылгандай болгон үн эки ирет чыккан. Аткан адам ок чыгарган куралын таштай качты. Бою узун, толугураак келген, спорттук күрмөчөн адам экен".

Милициядан бул боюнча кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май прокуратурасы козгой тургандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0