Милиция Чыгыш-5 кичи районунда атышкандарды кармоо үчүн катуу тартипте иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери издөө ишетри учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери издөө ишетри учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, анда бир адам жараат алган. ИИМ бул көрүнүштү уюшкан кылмыштуу топтун өз ара пикир келишпестиги болушу мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык милиция Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде атышууга катыштыгы барларга издөө салып, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жуулуп жаткан жеринен унааны айдай качкан жаран кармалды
Шейшемби күнү кечинде Чүй проспикти менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, анда бир адам жараат алган. ИИМ бул көрүнүштү уюшкан кылмыштуу топтун өз ара пикир келишпестиги болушу мүмкүндүгүн айтты. 

Шаршемби күнү Октябрь районунда аталган атышууга катыштыгы бар деген шек менен бир жаран кармалган. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөткүндүктөн, милиция кызматкери тапанчадан ок чыгарууга аргасыз болгон. Мында дагы бир шектелүүчү качып кетүүгө үлгүргөн. 

"Милиция күмөн жараткан унааларды токтотуп, издөө иштерин улантып жатат", — дейт маалымат кызмат. 

Кылмышкерлерди кармоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0