Бишкекте кечке жуук ок атылып, адам өмүрүнө кол салынды

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга ок атылган жайда милиция кызматкерлери.
Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга ок атылган жайда милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык Тез жардам кызматынан бул окуяны тастыктап, ал жакка медиктердин бригадасын жибергендигин айтышты.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга эки ирет ок атылып, ал киши колунан жаракат алып, аман калды. Бул туурасында жеринде Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга эки ирет ок атылды.
1/2
Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга эки ирет ок атылды.
© Sputnik / Эркин АлымбековАл киши колунан жаракат алып, аман калды.
2/2
Ал киши колунан жаракат алып, аман калды.
1/2
Бишкек шаарындагы Исанов-Чүй көчөлөрүнүн аймагында чет элдик жаранга эки ирет ок атылды.
2/2
Ал киши колунан жаракат алып, аман калды.

"Горький атындагы парк жакта отурганбыз. Бир учурда ары жактан жарылгандай болгон үн эки ирет чыкканынан чуркап барсак, бир кишиге ок тийиптир. Аткан адам ок чыгарган куралын таштай качты. Азият түспөлүндөгү бою узун адам экен", — деп айтып берди күбө болгон Алмаз аттуу жаран.

Күбө "ал кишини багы бар экен, аман калды" деп кошумчалады.

Шаардык Тез жардам кызматынан бул окуя болгонун, аларга милиция кабарлагандыгын тастыктап, ал жакка медиктердин бригадасын жибергендигин айтышты.

Исанов-Чүй көчөлөрүндө атылган ок жана чет элдик бизнесмен. Окуянын чоо-жайы жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0