Астанада эми Кыргызстандын элчилиги отургузган дарак өсөт

© AFP / STANISLAV FILIPPOVАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астанадагы "Арай" сейил багындагы дипломатиялык аллеянын ачылышындагы дарак отургузууга КР элчиси да катышты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Астанада Кыргызстандын Казакстандаги элчиси Эсенгул Өмүралиев башка дипломатиялык миссиялардын башчылары менен кошо жашылдандыруу ишине катышты. Бул туурасында ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Президент Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдык салтанатына катышууда
Аталган иш-чара Астана шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында өтүп, аны Казакстан ТИМи жана шаардын акимиаты уюштурду.

Казакстанда катталган дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Астана шаарындагы "Арай" сейил багындагы дипломатиялык аллеянын ачылышына катышты. Чет элдиктер 80ге чукул бак-дарактар отургузушту. Анда ар бир өлкөнүн элчилигинин, анын ичинде Кыргызстандын Казакстандын Астана шаарындагы элчилигинин тактасы пайда болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0