Каримовдон кийинки Өзбекстан кандай болот? Коңшу өлкө эксперттеринин пикири

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүӨзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучулар Sputnik Кыргызстан кабарчысына жаңы саясий доор туурасында айтып берип, эмне үчүн "араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" деген абалга карабай, Ташкентте тынч болорун чечмелеп беришти.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кечээ, 2-сентябрь күнү Өзбекстандын өкмөтү президент Ислам Каримовдун көз жумганын билдирди. Бүгүн өлкөнү чейрек кылымдан ашуун башкарып келген Каримовду акыркы сапарга узатуу тажыясы өтүп, сөөгү кичи мекени Самарканд шаарына коюлат.

Коңшу өлкөлөрдүн саясат таануучулары Өзбекстандын өрчүү жолундагы айрым өзгөрүүлөрдү божомолдоп, ошондой эле аймактын келечеги жөнүндө айтып беришти. 

Жаңы доор жана үмүттөр

Тажикстандын улуттук саясатчылар ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимов Борбор Азияда саясатчылардын экинчи муундагы өлкө жетекчилеринин доору башталып жатканын айтат. 

"Албетте, Ислам Абдуганиевичтин өлүмү жөнүндө суук кабарды угуу чоң кайгы, бирок убакыт эч кимди аябайт. Өзбекстанда бийликтин алмашуусу тынч өтөт, кыязы, саясий элитанын өз ара макулдашуусу бар көрүнөт. Республиканын кийинки башчысы Шавкат Мирзиеев болушу мүмкүн, ал бийликти колуна алуу менен кырдаалды солгундатууга жол бербейт", — деп эсептейт саясат таануучу. 

Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Каримовдун ордуна Мирзиеев келиши мүмкүн
Ал бийлик үчүн күрөшкө байланыштуу чыр-чатактар болушу мүмкүн экенин, бирок алар жер-жерлерде гана болуп, өлкөнүн чегинен чыкпай турганын белгиледи. 

"Башка кландар саясаттын туу чокусунан орун алууга аракет кылышы ыктымал. Дегинкиси, мындай абалга бийликке биринчи келгендердин ордун ээлеген Борбордук Азия республикаларынын бардык жетекчилери кабылган", — деди Мамадазимов.

Анын пикиринде, экинчи муундагы жетекчилер мурунку лидерлер баштаган жолду улантышат.

"Албетте, Борбор Азиядагы мамлекеттердин бири-бирине жекечеленген мамилелерин эске алганда, саясат айырмаланат. Бирок жаңы лидерлер аймактын бүтүндөй өрчүшүн эске алып, чек ара маселелерине, суу-энергетика тармагындагы кызматташууга жана интеграциялык процесстерге көбүрөөк көңүл бурушат деп ойлойм", — дейт эксперт. 

"Араң турган көз" чыгып кетерби? 

Коопчулуктарды баалоо тобунун директору, саясат таануу илимдеринин доктору, казакстандык Досым Сатпаев да Борбор Азия лидерлеринин өлкөлөр ортосундагы мамилелерге чоң таасирин белгиледи. Анын пикиринде, Каримовдон кийинки Өзбекстан ага чейинкиден айырмаланып кетпейт. 

© Фото / Анатолий УстиненкоКоопчулуктарды баалоо тобунун директору, саясат таануу илимдеринин доктору, казакстандык Досым Сатпаев
Директор Группы оценки рисков доктор политологии Досым Сатпаев - Sputnik Кыргызстан
Коопчулуктарды баалоо тобунун директору, саясат таануу илимдеринин доктору, казакстандык Досым Сатпаев

"Жаңы өзбек лидери Каримов акыркы жылдары бет алган жолдон кайтпайт. Өзбекстан батыш менен Кремлдин ортосунда ийкемдүү жол таап келгени баарына белгилүү. Дал ушундай саясат тышкы оюнчулардан кайсы бир деңгээлде өлкөнүн көз карандысыз болушуна мүмкүндүк берип келген", — деди саясат таануучу.

Казакстан менен мамилелерде айкын чыр-чатактардын жоктугуна карабай, Өзбекстан өнөктөштүк мамилелерди сактагандан башка жакындашууга барган жок деп белгиледи ал. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Каримовдун тажиясына катышат
"Ислам Каримовдун саясий сахнадан кетиши бул мамилелерди өзгөртүп деле жибербейт. Өзбекстандын келечеги россиялык же америкалык саясатка ылайык жүрөт деп так айтуу да мүмкүн эмес, бирок коңшулар менен мамилелердин өзгөрүшүн каалайт элем", — деди Сатпаев.

Саясат таануучу мындай абал Кыргызстан жана Тажикстан менен да түзүлгөн мамилелерде өкүм сүрөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул айрыкча чек ара жана суу-энергетика маселелерине тиешелүү. 

"Ар кандай пикир келишпестикке жана чыр-чатактарга негиз болчу бардык маселелер чечилиши керек. Өзбекстандын жаңы жетекчилиги бул жагынан активдүүрөөк болот деген үмүттөмүн. Ал эми аймактагы тышкы саясатка байланышкан көйгөйлөр эртели-кеч чыр-чатакка алып келиши ыктымал", — деди эксперт. 

Бир кадам да, бир карыш да эмес 

Өзбекстан коңшулар менен мамилеге карата көз карашын өзгөртөт дегенге кыргызстандык саясат таануучу Бакыт Бакетаев макул эмес. Ал чек ара маселелери ошол эле жабык бойдон калат деп эсептейт. 

"Жаңы лидердин келиши менен Өзбекстандын тышкы саясатында кескин өзгөрүүлөр болуп кетпейт. Ал эбак эле көптөгөн жылдарга алдын ала эсептелген. Россия тарапка бир аз оош-кыйыш болуп кетиши ыктымал, бирок чеги менен", — деп эсептейт Бакетаев. 

Ал Өзбекстан жери жагынан бир топ ыңгайлуу жайгашкандыктан чек ара маселеси боюнча чегинбейт деп белгиледи.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримов Ислам Абдуганиевич. Өмүр баяны
"Эмнеси болсо да, жаңы өзбек лидери бул маселе боюнча бир кадам да козголуп койбойт. Мында дипломатиялык сүйлөшүүлөр гана роль ойноп, акыркы чечимдер жогорку деңгээлде кабыл алынат. Андыктан чек ара аймактарынын тагдыры Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин колунда", — деди Бакетаев. 

Анын пикиринде, Өзбекстанда бийлик тынч жана эч бир чуусуз алмашат, ал эми Ташкентте баары жайма-жай болот. 

Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримовдун тарыхый сүрөттөрүн төмөнкү материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0