Өмүрдү алган жүк ташуучу унаалар. Фуралар себепкер болгон жол кырсыктары

© Фото / пресс-служба МЧС КРНа автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз
На автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрдү алган фуралар. Жүк ташуучу унаалар себеп болгон жол кырсыктары Жыл башынан бери жүк ташуучу автоунаалар катышкан жол кырсыктары бир топ болду. Акыркы бир жумада эле мындай үч жол кырсыгы катталып, андан алты кишинин өмүрү кыйылды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Акыркы кезде өлкөдө ири жүк ташуучу унаалардын айынан болгон жол кырсыктары көп каттала баштады. Sputnik Кыргызстан агенттиги жүк ташуучу автоунаалар себепкер болуп, адам өмүрүнө забын болгон жыл башынан берки жол кырсыктарын тизмектеп көрдү.

9-ноябрда Сокулук районунда фура менен жеңил машина кагышып эки адамдын өмүрүн алды

4-ноябрда Бишкек — Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелде жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай, үч жеңил машинаны сүзүп, андан төрт киши мүрт кеткен. Алардын экөө чоң киши болсо, экөө жаш балдар.

Тамда тартылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрү
4-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айылында өрттөнгөн бойдон айыл аралап бараткан фуранын видеосу интернетке жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев окуя боюнча бир дагы адам расмий арыз менен кайрылбаганын айткан. Ал окуя Нариман айылында эмес, Жалал-Абадда да болуп калышы ыктымалдыгын белгилеген. Жабыркагандар катталган эмес.

3-ноябрда Баткен облусунун Исфана шаарындагы борбордук базардын жанында күйүүчү май ташыган машинанын тормозу кармабай, жол жээгиндеги 17 машинаны жөөлөп, 11 адам жеңил жаракат алган. Мындан тышкары, кырсыктан төрт унаа таптакыр жараксыз абалга келген. Маалыматтарга ылайык, андан 20 тоннага жакын май аккан.

10-октябрда Бишкек — Ош жолунда бензин ташыган MAN үлгүсүндөгү КамАЗ оодарылып, 30 тонна бензин төгүлгөн

© Фото / пресс-служба МЧС13-сентябрда Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota үлгүсүндөгү жеңил машина кагышты
ДТП на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
13-сентябрда Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota үлгүсүндөгү жеңил машина кагышты

13-сентябрда Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota үлгүсүндөгү жеңил машина кагышып, беш киши каза болгон. 

19-сентябрда Ош — Ноокат жолунда Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сел тосуучу каналга оодарылып кетип, төрт киши жабыркаган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КР31-августта Ош — Баткен — Исфана унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү май ташуучу машинанын дөңгөлөгү жарылып, бордюрду сүзгөн.
Пожар бензовоза в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
31-августта Ош — Баткен — Исфана унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү май ташуучу машинанын дөңгөлөгү жарылып, бордюрду сүзгөн.

31-августта Ош — Баткен — Исфана унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү май ташуучу машинанын дөңгөлөгү жарылып, бордюрду сүзгөн. Анын кесепетинен жалын тутанып, май каналга төгүлгөн. 

Студенты Элдияр Токтошев и Манас Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуудагы тоннелде күйүп жаткан унаадан жарандарды алып чыккан балдардын баяны
5-августта Долон ашуусунда Ат-Башы — Бишкек каттамы менен келе жаткан автобус КамАЗ менен кагышкан. Анын кесепетинен КамАЗдын айдоочусу жаракат алган. Автобустун ичинде 39 жүргүнчү болгон. Оор жаракат алгандар болгон эмес.

4-августта Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсүндө КамАЗ менен жеңил унаа кагышкан. Унаанын ичиндеги 60 жаштагы аял окуя болгон жерде каза болуп, 62 жаштагы айдоочунун мээси чайкалган. 

17-июнда Бишкектеги Курманжан датка менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер оюлуп, ага КамАЗ түшүп кеткен. Маалыматка ылайык, бул ошол апта ичинде оюлуп калган аңга түшүп кеткен үчүнчү унаа болгон.

18-майда Бишкек — Торугарт автожолунун Кочкор районундагы Куакы ашуусунда жүк ташуучу КамАЗ автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, ал оодарылып, ичиндеги эки киши каза тапкан

© Фото / фото очевидца Александра К. отправленное по Whats App-каналу27-апрелде Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын айланма жолунда жүк ташуучу унаа менен фура сүзүшкөн
Лобовое столкновение грузовика ГАЗ-53 с фурой на объездной дороге - Sputnik Кыргызстан
27-апрелде Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын айланма жолунда жүк ташуучу унаа менен фура сүзүшкөн

27-апрелде Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын айланма жолунда жүк ташуучу унаа менен фура сүзүшүп, бир аял каза болгон. Айдоочунун баш мээси чайкалып, реанимацияга жактырылган. 

15-апрелде кечинде Бишкекте жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки киши набыт болуп, төртөө ооруканага түшкөн. Кырсык Шабдан баатыр көчөсүндө түнкү саат онго чукул болгон. Рулду башкара албай калган КамАЗ унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзүп, андан соң каршы тилкеде келе жаткан Honda Fit унаасы менен кагышкан. 

© пресс-служба МЧС КР12-январда кечке жуук Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) май ташуучу унаа 38 тонна бензин алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
На автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз - Sputnik Кыргызстан
12-январда кечке жуук Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) май ташуучу унаа 38 тонна бензин алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

12-январда кечке жуук Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) май ташуучу унаа 38 тонна бензин алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0