Бейшембиде Кыргызстан боюнча аптаптуу аба ырайы сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКү ысыкта бараткан жаран. Архив
Кү ысыкта бараткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бейшембиде Кыргызстан боюнча аптаптуу аба ырайы сактала турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эки айылдын эли жер талашып мушташа кетти
Бишкек шаарында жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү температурасы 14…16, күндүз 30…32 градуска жетет.

Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. 

Синоптиктер калган аймактарда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын билдирди.

Кыргызгидромет 25-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сактала турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0