Ысык-Көлдө эки айылдын эли жер талашып мушташа кетти

© из архива Дмитрия ФедороваЫсык-Көл жээги. Архив
Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция атайын каражаттардын жардамы менен элди кууп тараткандыгын танды.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка жана Кашат айылындагылардын чыры жерден улам келип чыккан деп билдирди облустук ИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Буга чейин бир катар басылмалар көп адам катышкан мушташ болуп, милиция аларды көздөн жаш агызуучу газ жана тарсылдагы бар граната колдонуп тараткандыгы боюнча маалымат жазган. 

Усубакуновдун айтымында, эки айылдын эли Григорьевка капчыгайында жер талаша кетип, мушташ чыккан. Буга 90го чукул адамдар катышкан. 

"Эки айылдын жашоочулары туристтик маал учурунда боз үй тигебиз деп, эки тарап тең жер биздики деп чыгышкан. Бирок ал аймак токой чарбасына таандык экендигин аныкталды", — деди Усубакунов.

ИИМ өкүлү жапырт мушташ жана тарсылдагы бар граната колдонулганын четке какты. Аксакалдардын, аялдар кеңешинин жана айыл өкмөттөрүнүн жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен кийин абал жөнгө салынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0