Курал колдонулган окуя. Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен билдирүү жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Делегациялардын жолугушуусу Лейлек районунун Короо аймагында өттү.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кечээки курал колдонуу окуясынан кийин Кыргызстандын Баткен облусундагы жана Тажикстандын Согд облусундагы чек ара өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашты.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Лейлек районунун Короо участкасында Баткен облусунун (КР) жана Согд облусунун (Тажикстан) коопсуздук жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле сүйлөшүүлөргө Лейлек районунун жана Жаббар-Расулов райондорунун акимдери да катышкан.
Жолугушууда тараптар жарандар менен чек арачылардын ортосундагы чыр-чатактын келип чыгуу себептерин, мал жаюу менен алектенген чек ара тургундарынын жүрүм-турумун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болушу мүмкүн болгон чек ара чатактарын алдын алуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар акимдердин деңгээлинде иштерди уюштуруу, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарынын жакшы коңшулук мамилесин сактоону макулдашты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Ташиев Кемпир-Абадда балык уулоого тоскоолдук жаралганы боюнча жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0