Ташиев Кемпир-Абадда балык уулоого тоскоолдук жаралганы боюнча жооп берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
УКМКнын төрагасы тор менен балык кармоого Кыргызстандын бардык аймагында тыюу салынганын эске салган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кемпир-Абад боюнча келишим 100 пайыз аткарылат. Бул тууралуу УКМК төрагасы 7-каналдын кызматкеринин суроосуна жооп берип жатып билдирген.
Анда журналист интернетте суу сактагычтан балык кармап жаткандарды өзбек чек арачылары кубалаганы тараган видео тууралуу айтып, келишим аткарылбай жатабы деп суроо салган.
"Келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатат жана мындан ары дагы аткарылат. Маселе өзүбүздө. Мен кечээ эле Өзбекстанга барып келдим. Кесиптешим менен жолуктум. Чек ара башчысын чакырдык. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында чек арадан өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай учурлар болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп кайра кетишкен. Бул да болсо мамилебиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот", — деген Ташиев.
Ошондой эле УКМКнын төрагасы тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, Кыргызстандын бардык аймагында тыюу салынганын белгилеген. Ал эми мал сугарганда чек арадан ары өтпөш керектигин эскерткен.
Темир жолдун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0