Россияда "Өчпөс полк" жүрүшү көчөлөрдө уюштурулбайт

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүРоссияда "Өчпөс полк" жүрүшү
Россияда Өчпөс полк жүрүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Буга чейин Украина менен чектешкен айрым аймактар аталган иш-чараны өткөрбөй турганын билдиришкен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Россияда "Өчпөс полк" жүрүшү көчөлөрдө уюштурулбай турганын кыймылдын теңтөрайымы Елена Цунаевага шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Коомдук коопсуздукка болгон коркунучтардан улам "Өчпөс полктун" борбордук штабы 2024-жылы жүрүштү көчөлөрдө уюштурбоону чечти", — деди ал.
Буга чейин Украина менен чектешкен айрым аймактар аталган иш-чараны өткөрбөй турганын билдиришкен. Цунаева акция жүздөн ашуун өлкөдө ар кандай форматта өткөрүлөрүн кошумчалады.
Акциянын Кыргызстандагы уюштуруучулары буга чейин Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта шаарлары, Ленинское жана Ивановка айылдары жөө жүрүшкө даярданып жатышканын кабарлаган.
"Өчпөс полк" — Россияда жана башка өлкөлөрдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында өткөрүлүүчү иш-чара. Ал биринчи жолу 2012-жылдын 9-майында Томск шаарында жергиликтүү журналисттердин демилгеси менен өтүп, 2013-жылы бүткүл Россияга жайылган.
2023-жылы акция ар кандай форматта өткөн. Маселен, ардагерлердин онлайн-базасына жана "Эстелик дубалы" долбооруна маалыматтарды, ардагерлердин сүрөттөрүн киргизип катышса болот.
Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Радио
Чотбаев: "Өлбөс полк" акциясы 9-Майдын жөрөлгөсүнө айланды
Жаңылыктар түрмөгү
0