Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чотбаев: "Өлбөс полк" акциясы 9-Майдын жөрөлгөсүнө айланды

© SputnikУлуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев "Өлбөс полк" акциясы Кыргызстанда кандайча уюшулуп калганын айтты.
Улуу Ата Мекендик согушта эли-жерин коргогон жоокерлерди эскерүү акциясынын маанисин жүрүшкө бир жолу катышкан адам түшүнөт. Бул тууралуу Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чотбаев: "Өлбөс полк" акциясы 9-Майдын жөрөлгөсүнө айланды
Анын айтымында, "Өлбөс полк" акциясына алгач 150 киши катышкан.
"Жыл сайын Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" акциясы өткөрүлөт. Бул акция көп жылдардан бери эл аралык иш-чарага айланып, ага Кыргызстан да кошулуп калды. Алгач Эмил Уңкуев мага кайрылып, Россияда "Өлбөс полк" акциясы уюшулганын айтып, бизде да өткөрүүнү сунуштады. Андан бир күн өтүп Омск шаарындагы классташым телефон чалып, акция тууралуу айтты. Ушундан кийин ардагерлер акция өткөрүүнү сүйлөшүп, алгач ага 150дөй киши катышкан. Баарыбыз чоң аталарыбыздын портретин көтөрүп чыктык. Акциянын координатору Зульфира Хайбуллинанын демилгеси менен акция жүрүшкө айланды. Жылына 9-Майга карата бардык министрликтерге, мекемелерге кат жөнөтүп, уюштуруу ишинде ушул айымдын эмгеги чоң. Бара-бара Кыргызстандын аймактарында да жасалууда. Жылына катышуучулардын саны өсүп жатат. Былтыр акция абдан масштабдуу өттү. Дайыр Асанов атындагы парктан башталган жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен түз жүрүп отуруп, "Өчпөс оттун" жанына келебиз. Ортодогу кесилишкен көчөлөрдөн агылган эл улам кошулуп отурат. Дрондон тартылган кадрдан караганда "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшү бутактары тарам-тарам кеткен чоң бактын элесин берет экен. Азыр чоң аталары Улуу Ата Мекендик согушка барган бардык үй-бүлөлөр, балдары, небелери менен баатыр аталарынын сүрөтүн көтөрүп катышууда. Алар үчүн да бул салт болуп калды", — деди Чотбаев.
Ал "Өлбөс полк" акциясы Улуу Жеңиш күнүнүн бир жөрөлгөсүнө айланып калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0