Жаа

кыргыз жоокерлеринин негизги куралы болгон
Кыргыздар аскердик салгылашууларда, аңчылыкта жааны кеңири колдонгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги көчмөн элдин куралы жөнүндө пайдалуу инфографика сунуштайт.
С древности кыргызы широко использовали лук на охоте и в битвах. Sputnik Кыргызстан представляет инфографику о главном оружии кочевников.
Көчмөн эл салгылашуу жана аңчылык кылуу үчүн курал-жарактын ар кандай түрүн пайдаланган. Анын ичинде жаа алмаштыргыс курал болуп, жыгач, тоо эчкинин мүйүзү, малдын тарамышынан жасалган. Кыргыз жоокерлеринин жаасынын узундугу 1,5 метрге чейин жетип, жебеси жүздөгөн метр аралыкты кыйынчылыксыз багындырган.
Андай жааны усталар кургатылган жыгачтын ички бетине тоо эчкинин мүйүзүн кынаптап жонуп жабыштырып, андан соң өз технологиясы менен жаанын сырткы бетине малдын тарамышын жумшартып тарап чаптаган. Аны чаптоо үчүн майдаланган тарамышты 10-12 саат кайнатып, соңунда даяр болгон коюу суюктукту колдонгон. Бул жаанын ийкемдүү, бышык болуп серпилүү күчүнүн артышын шарттаган.

Мындай жааларды кыргыздар жүздөгөн жылдар бою салгылашуу, аңчылык, мелдештерде пайдаланган. Адистердин айтымында, көчмөн элдердин жаа жасоо технологиясы бири-бирине окшош болуп көп деле айырмаланган эмес.
Жаанын кермеси жылкынын кылынан, майда малдын ичегисинен, тарамышынан өрүлүп даярдалган. Ага көп күч келгендиктен болушунча бекем жасалышы керек эле.
Жебеси негизинен табылгы, ыргай, кайыңдан жонулуп жасалып, учун сөөк, таш, жез, коло, темир, болот, коргошундан учталып бекитилген. Жебенин соңуна аэродинамика үчүн куштун канатчалары тагылган. Археологдор кыргыздар кезинде жебенин 25 түрүн пайдаланганын белгилешет.
Жебе менен жааны эки башка саадакка салып жүрүшкөн. Бышык кайыштан же кийизден тигилген саадакты жигиттер куруна бекитип алышчу.
Мурун кыргыз уулдуу болсо уруу башындагылар наристенин атасына үч жебе тартуулаган. Мындай белек урууда жоокер төрөлдү дегенди билдирген. Ошондой эле эркек киши көз жумганда да үч жебе маркум менен кошо көмүлгөн. Андан сырткары, кыргыздар согуш жарыялаарда жаанын жебесин чабарман аркылуу каршылашына жиберген. Мындай дипломатиялык ыкма тараптар ортосунда согуш баштала тургандыгынан кабар берген.
Кыргыздын ар бир жоокери аскердик салгылашууларга өз жаасы менен чыгып, аны атууда өтө чебер болушкан. Айрым жоокерлер бир учурда эле эки жебе менен ата алган.
Баса, жаа колдонулуп бүткөндө шак кермеси чечилип суу, күн тийбеген далдоо жерде сакталган. Антпесе жаанын жаагы бошоп, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жоготкон.
Төрт мезгил көчүп-конгон кыргыздардын арасында тогуз коргоол оюну кеңири тарап, аны жаш курагына карабай баары ойногон. Тынч заманда ал оюн аркылуу жигиттер өзүнүн аскердик, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жакшырткан.
Көчмөн турмушта кыргыздар сандыктын түрүн колдонуп, аны усталарга атайын буюртма менен жасатып өзгөчө мамиле кылган.
Эскертүү: айрым бирдиктердин так өлчөмү жок, салыштырмалуу айтылды. Мисалы, күн жүрүш — эртең менентен кечке чейинки жол жүргөндөгү аралыкты билдирет. Ат менен 50-60 чакырым болсо, жөө 30-40 чакырымдай болот.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Амантур Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китеби, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн "Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк", Салбуурун федерациянын негиздөөчүсү жана президенти Алмазбек Акуновдун маеги, ачык булактар

Фото
Россиянын илимдер академиясынын Петр Великий атындагы антропология жана этнография музейи

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0