Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Путин: Россия Кыргызстандын бардык пайдалуу саамалыктарын колдойт

© POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышты
РФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
РФ лидери бул иш-чара эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеген.
БИШКЕК, 11-окт.— Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышып, видеокайрылуу жасады.
РФ лидери бул иш-чара эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, аймактар аралык кызматташуу Россиянын аймактарынын басымдуу бөлүгүн жана Кыргызстандын бардык жети облусун камтый турганын айткан.
"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар айлантуу 37 пайызга көбөйүп, 3,4 миллиард долларга жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,4 пайызга көбөйгөн. Аймак аралык кызматташууга, Россия менен Кыргызстандын бизнесинин ортосунда түз байланыш түзүүгө биздин чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча федералдык корпорациябыз чоң салым кошууда. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду да жакшы иштеп жатат. Бул фонд Кыргызстанда кен казуу, фабрика өндүрүшүн түзүү, энергетика, транспорт, логистика сыяктуу тармактарда жалпы баасы 520 миллион долларлык биргелешкен үч долбоорду каржылады", — деген Путин.
Россия президенти аймак аралык соода жана өнөр жай тармагындагы мындай өсүшкө Кыргызстандын сегиз жыл мурда Евразиялык экономикалык биримдикке кириши себеп болгонун белгилеген.
"Сегиз жыл аралыгында өлкөнүн ички дүң продукциясы жана өнөр жайы 2,3 эсе өсүп, экспорттун көлөмү эки эсе көбөйгөн. Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСин жана Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо сыяктуу ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду инвестициялап, Кыргызстанга кредиттик ресурстарды активдүү тартууда. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражатына Камбар-Ата ГЭС-2 жана Ош облусунун суу пайдалануу системасы жаңыланууда", — деген РФ лидери.
Путин Россия Кыргызстандагы билим берүү системасын өнүктүрүүгө да көмөктөшүп жатканын айтып, жакынкы жылдары КРде 11 миңден ашык бала окуй турган тогуз мектеп салынарына, Россия ЖОЖдорунун филиалдары ачыла баштаганына токтолгон. Путин эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүндө аймактар көңүл борборунда экенин айтып, Кыргызстандагы пайдалуу саамалыктарды Россия колдой турганын убадалаган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймак аралык Х конференция өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулоодо. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров да онлайн катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Акылбек Жапаров КР менен РФтин биргелешкен ишинин жыйынтыгын чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0