Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Акылбек Жапаров КР менен РФтин биргелешкен ишинин жыйынтыгын чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Конференция Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлмакчы.
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймак аралык Х конференциясында сүйлөп жатып, эки өлкөнүн биргелешкен ишинин жыйынтыгына токтолду.
Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшүнүн бири экенин белгилеген өкмөт башчы мамлекеттер арасындагы соода жүгүртүү 3,4 миллиард долларга жеткенин белгилеген. Жапаров, мындан тышкары, төмөнкүлөрдү кошумчалады:
Билим эки өлкөнүн кызматташуусуна негиз болуп берет. Президенттер кечээ жакында эле Кыргызстанда салына турган россиялык тогуз мектептин үчөөнүн курулушуна капсула салды;
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу боюнча жарлыкка кол коюлду;
Жакынкы эки жылда кыргызстандыктардын Россия ЖОЖдорунда билим алуу үчүн миң квота бөлүндү;
Эки өлкөнүн региондор аралык кызматташуусу өкмөттөрдүн күн тартибиндеги олуттуу маселе;
Россиянын субъектилери менен жол карталары түзүлүп жатат. Шаарлар арасында боордоштук байланыштар боюнча 10дон ашуун макулдашуу иштөөдө;
Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшүнүн бири, ортодогу сооданын көлөмү 3,4 миллиард долларга жетти. Экономикадагы оор шартка карабай сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар;
Ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылышы зарыл. Кыргызстан россиялык инвестиция үчүн дайым ачык, Россиядан келчү бизнесмендерге болушунча колдоо көрсөтүүгө даяр. Мында жеңил өнөр жайынын келечеги кең.
Конференциянын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат. Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, соода, туризм жана ритейл тармактары боюнча талкуу жүргүзүшүүдө. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт.
Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөнү көздөйт.
Тракторлорду жыйноочу цех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
КР менен РФтин өнөр жай кооперациясы боюнча ишке ашып жаткан долбоорлору
Жаңылыктар түрмөгү
0