Улуттук армия төрт офицердин эмгеги менен түптөлгөн. Полковник Темиралиевдин маеги

© Фото / из личного архива Таалайбека Темиралиева149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун  2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев.  Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Кыргызстандын Коргоо министрлиги түптөлгөн 31 жылдан бери далай сыноодон өттү. Тарыхчылардын басымдуу бөлүгү өлкө Куралдуу күчтөрү жакшы изилденеле элек деп айтып келишет.
Министрликтин тарыхынын айрым белгисиз барактары тууралуу Афган согушунун жана Баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Таалайбек Темиралиев менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— 1991-жылы СССР ыдырап жаткан учурда эле эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү түптөлө баштаган. Бул процесске катышкан адам катары негиздөө кандай жүргөнүн айтып берсеңиз?
— Ал жылы мен Балыкчыдан борбордогу Биринчи май районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчылыгына которулгам. Кыргыз ССРнин Аскер комиссариаты азыркы КР Коргоо министрлигинин имаратында болчу. Ошол эле имараттын төртүнчү кабатында Биринчи май районунун аскер комиссариаты жайгашкан эле. 1991-жылы ушул имараттан СССРдин армиясынын катарына кызмат өтөөгө акыркы жолу жоокерлерди жибердик. Ыраакы Чыгыштан батальонумдун командири, подполковник Владимир Славский да которулуп келип, экөөбүз чогуу иштештик. Кийин ал Улуттук гвардияны түптөөгө катышты. 1991-жылдын аягында офицерлер Жумалы Кубатов, Жакшылык Ногойбаев, Камчыбек Курбаналиев жана Кубанычбек Орузбаев көрөгөчтүк кылып, көз карандысыз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн түзүү тууралуу демилге көтөргөнү көз алдымда турат. Алар Биринчи май районунун аскер комиссариатына чогулуп, өлкө башчы Аскар Акаевге өлкөнүн армиясын түптөө жөнүндө сунуш берүү керек деп кызуу талкуулашты. Андан соң ага кат менен кайрылуу тууралуу бир чечимге келишти. Азыркыдай компьютер жок, механикалык машинкага текстти тердим. Аны Ногойбаев текшерип оңдоп чыкты. Эртеси жогорудагы төрт офицер кайрадан чогулуп, текстти дагы бир ирет карап, кошумча киргизип катты Акаевге жөнөтүштү. Бир аз убакыттан кийин Коргоо комитетин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошентип жогорудагы төрт инсандын аркасы менен улуттук армия түзүлдү десек болот.
© Photo / Из личного архива Таалайбека ТемиралиеваАфган согушунун жана баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Таалайбек Темиралиев. Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы, ” Кыдыр-аке” күмбөзү. 2023-жыл
Ветеран Афганской войны Таалайбек Темиралиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Афган согушунун жана баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Таалайбек Темиралиев. Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы, ” Кыдыр-аке” күмбөзү. 2023-жыл
Бул мезгил аралыгында СССРдин аскердик бөлүктөрүндөгү кыргызстандык офицерлер тууралуу маалыматтар чогултула башталды. Жумалы Кубатов Аскердик чалгын кызматын негиздеди. Камчыбек Курбаналиев Улуттук гвардияны түптөөгө чоң салымын кошту. 1992-жылы Кубанычбек Орузбаевге аскердик авиациянын генерал-майор наамы ыйгарылып, ал мамлекеттин жарандык авиациясын түптөдү. Кыргыз ССРинин аскердик комиссариатынын ордуна Мобилизацияны уюштуруу башкармалыгы уюшулуп, жетекчилигине ыраматылык генерал-майор Табылды Молдобаев дайындалды. Мен жогорудагы башкармалыкка которулдум. Ошол эле учурда Коргоо комитетинин эл аралык кызматташуу бөлүмү башка мамлекеттердин аскердик ведомостволору менен ар кыл багытта байланыштарды түзө баштаган. Мен немец тилин билгендиктен бул башкармалыктын жетекчиси генерал Рашид Уразматов менен тыгыз иштөөгө өттүм. Чет элдик делегацияларды тосуп алууну, протоколдук жолугушууларды жана документтерди даярдоону үйрөнө баштадык. Ай сайын чет өлкөдөн делегациялар келишчү. Мындан сырткары, Аскер-чалгын кызматында маркум Жумалы Кубатовдун сунушу менен немец тилинен котормочу да болуп эмгектендим. Генерал Жумабек Асанкулов, полковниктер Жумалы Кубатов, Чоро Мураталиев, Шаршенбай Абдылдаев, Эрик Асаналиев жана башка офицерлер Башкы аскер-чалгын кызматынын пайдубалын түптөп жатканына күбө болдум. 1997-жылы Москвадагы Аскердик-дипломатиялык академиясына өтүп, 1999-жылы аны ийгиликтүү аяктадым.
— Буга чейинки жолуңузда Афган согушун баштан кечириптирсиз. Чоң аскердик тажрыйба болсо керек?
— Бала кезимден бери офицер болом деген кыялым бар эле. 1983-жылы Украинанын Хмельницкий шаарындагы жогорку артиллериялык командалык училищеге миномет боюнча адистикке тапшырып, 1987-жылы ийгиликтүү аяктадым. Айрым курсташтарым окуу жайды бүткөндө Афганстанга өз ыктыяры менен кетишкен. Мен да бул өлкөдө аскердик кызматымды өтөө тууралуу командачылыкка кайрылдым. 1988-жылы январда жетекчилик өтүнүчүмдү канааттандырып Түндүк Афганстандын Кундуз аймагына жиберди. 201-мотоаткычтар дивизиясынын экинчи мотоаткычтар батальонунун экинчи миномет взводунун командири болуп дайындалдым. Батальондун командири кыргызстандык офицер Владимир Славский болчу. Мындан тышкары, полкто жердештерибиз Чолпонбек Беккелдиев, Таирбек Мадымаров жана Виктор Марковский өңдүү офицерлер менен чогуу жарым жыл кызмат өтөдүм.
© Photo / из личного архива Таалайбека Темиралиева

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/2

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

© Фото / Из личного архива Таалайбека Темиралиева.

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун аскерлери. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун аскерлери. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/2

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун аскерлери. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

1/2

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

2/2

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун экинчи мото аткычтар батальонунун 2- миномет взводунун аскерлери. Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл

Согуш талаасында моджахеддерге каршы салгылашканды үйрөндүк. Батальон жайгашкан жерде болгону он күн эле түнөптүрмүн. Колонналарды коштоп, талаада жортуп жүрчүбүз. Ошондо согушкерлер советтик аскерлерге каршы партизандык ыкмалар менен согушканын көрдүк. Күндүз алардын он метр ары жакта дыйканчылык кылып жатканын көрөсүң, ал эми түн ичинде колуна курал алып бизге буктурма уюштурушчу. Алардын ушинтип кол салганына чет элдик демөөрчүлөр акча төлөшчү. Мындай буктурмалардын биринде кыргызстандык офицер Марковский каза болду. Жергиликтүү элдин ичинде моджахеддердин идеясы үчүн салгылашууга тымызын тарапташтары ар дайым жардам берүүгө даяр боло турганын байкадым. Мындай көрүнүштү 1999-2000-жылдары Баткен коогалыңында көрдүм. Эң башкысы, катардагы аскерлер менен тил табышып, согушта бири-бирибизге бир туугандай болдук. Взводумда ар башка улуттун өкүлдөрү бар эле.
1988-жылы августта полкубуз Афганстандан Тажик ССРине чыгып бара жатканда согушкерлер ок жаадырган учурлар көп болду. Өзгөчө теги пуштун моджахеддер көп кол салды. Взводум Ыраакы Чыгышка которулганда мен Балыкчы шаарындагы Панфилов дивизиясынын 30-полкунда кызматымды уланттым.
© Фото / Из личного архива Рустама Раджапова КР Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы бригаданын офицерлери менен жоокерлери. Токмок шаары. 1998-жыл

Офицеры и солдаты бригады специального назначения Скорпион Министерства обороны КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
КР Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы бригаданын офицерлери менен жоокерлери. Токмок шаары. 1998-жыл
— 1999-жылы тыюу салынган “Өзбекстан Ислам кыймылы” аттуу террордук уюм Кыргызстанга кол салган. Буга да аралашып калдыңыз да?
— Ооба. 1999-жылы августта Москвадан окууну бүтүп келген соң жетекчилик мени Башкы аскердик чалгын кызматына бөлүштүрдү. Дароо жумушка кирген жокмун. Себеби командачылык эмгек өргүүгө уруксат берди. Ысык-Көлгө үй-бүлөм менен эс алууга барайын деп жеңил автоунаамды оңдодум. Андан кийин жолдошторума учураша кетейин деп жумушка барган элем. Ал жерден кесиптештерим Марат Шайымкулов менен Кален Аккулаков мени көрүп сүйүнүп кетишти. Анткени эки күн мурда ӨИК согушкерлери Баткенге кирип, кыргызстандык жоокерлер менен япон геологдорун барымтага алышкан экен. "Баткенде кырдал кандай болуп жатканын билбейбиз. Ошон үчүн бул аймакка барып, эмне болгонун билип кабар бер" дешип тик учакка отургузуп жөнөтүштү. Кечинде гана жубайыма Баткенден телефон чалып, чоо-жайымды түшүндүрдүм.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКР Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов (сол жактан биринчи) кинорежиссер Замир Эралиев (сол жактан экинчи) котормочу Өмүрбек Жанакеев (сол жактан үчүнчү) жана япон геологтору тыюу салынган “Өзбекстан Ислам кыймыл” аттуу террордук уюмунун согушкерлеринин барымтасынан бошогондон кийин тик учакта кетип бара жаткан учуру. Баткен облусу. 1999-жыл
Освобождение из плена запрещенной террористической организации Исламское движение Узбекистана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов (сол жактан биринчи) кинорежиссер Замир Эралиев (сол жактан экинчи) котормочу Өмүрбек Жанакеев (сол жактан үчүнчү) жана япон геологтору тыюу салынган “Өзбекстан Ислам кыймыл” аттуу террордук уюмунун согушкерлеринин барымтасынан бошогондон кийин тик учакта кетип бара жаткан учуру. Баткен облусу. 1999-жыл
— Кол салууну алдын алууга болот беле?
— Болот болчу. Бир нече жыл мурда аскер чалгынчылары: Жумабек Асанкулов, Жумалы Кубатов, Эрик Асаналиев жана башкалар өлкөнүн жетекчилигине ӨИК чабуул коёт деген маалымат беришкен. Бирок жетекчилик көңүл бурбай койгон. Буга чейин КР Аскердик чалгын кызматы Түндүк Афганстан менен Тажикстандагы ички абалды абдан жакшы билчү. Алар согушкерлер бул өлкөлөрдүн кайсы аймактарында машыгып жатканы тууралуу да маалымат беришкен. Афганстанда көргөн согушкерлерге каршы кайрадан күрөш башталганы ушунчалык зээнимди кейитти.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКР улуттук гвардиянын аскерлери 1999-2000 жылдары Баткен коогалыңында курман болгон жоокерлерге арналган эстеликтин ачылышы учурунда. Бишкек. 2004-жыл
Открытие памятника воинам, погибшим в Баткенском конфликте в 1999-2000 годах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
КР улуттук гвардиянын аскерлери 1999-2000 жылдары Баткен коогалыңында курман болгон жоокерлерге арналган эстеликтин ачылышы учурунда. Бишкек. 2004-жыл
Экинчиден, Кыргызстанга кол салган 20дан ашык моджахедге мамлекет бүт күчүн жумшаганын көрүп ичимен кан өттү. Ошол убакта террордук уюмдарга каршы күрөшүүнүн стратегиясы иштеле баштады десем болот. 1999-жылы согушкерлер туткундаган кыргызстандык жоокерлер менен япон геологдорун бошотууда Аскердик чалгын кызматы негизги ролду аткарганын баса белгилейт элем. Бүгүнкү күндө да бул атайын операциянын көп учурлары мамлекеттик купуя сыр. 1999-2000-жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын коопсуздук кызматтары маалымат алмашуу жаатында тыгыз кызматташты. Кырчындай жигитттерден айрылдык. Азыркы күндө да Баткен коогалыңынан коомчулук сабак алыш керек. Генерал Жумабек Асанкулов, полковниктер: Жумалы Кубатов, Эрик Асаналиев, Чоро Мураталиевдин жана башка офицерлердин өлкөнүн коопсуздугу үчүн кошкон салымы тууралуу адистер изилдеши абзел.
Кыргызстандын аскер интеллигенциясынын түптөлүшү. 98 жыл мурунку тарых - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Кыргызстандын аскер интеллигенциясынын түптөлүшү. 98 жыл мурунку тарых
День дипломата КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Дүйнөлүк аренадагы кыргыз дипломатиясы. Тышкы иштер министрлигинин жолу
Жаңылыктар түрмөгү
0