Карамолдо Орозов — өмүр баяны

© Фото / предоставлено Жумакадыром КарамолдоевымКарамолдо Орозов
Карамолдо Орозов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
Кыргыз ССРинин эл артисти Карамолдо (Токтомамбет) Орозов 1883-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган.
Беш жашынан айылдык медреседе окуп, кырдач мурун, кара тору болгондуктан Карамолдо аталып, өзүнүн азан чакырып койгон аты Токтомамбет бара-бара унутулуп калат. Атасы комузчу болгондуктан Карамолдо кичинекейинен комуз черте баштайт. 15 жашынан тарта комузду мыкты өздөштүрүп, күүнүн маңызын терең ойлуу татаал кайрыктары менен баяндап, эл арасына аты тарайт. Кийин ал белгилүү кыякчы жана комузчу Муратаалы Күрөңкеевден таалим алат.
Карамолдо Бермет аттуу кыз менен баш кошуп, жашоосу өз нугуна түшө баштаганда Үркүн окуясы башталып, ата-энеси, туугандары менен бирге Кытайга качат. Азаптуу жашоо муну менен гана токтоп калбай, бөтөн жерде жүргөн кезинде жубайы каза табат. Качан гана кыргыз жерине жаңы заман орногон кезде мекенине кайтып келет. Ал учурда эркиндикке, теңдикке жеткирген В.И. Ленинге арнап "Жетекчибиз Ленин", колхоздоштурууга арналган "Колхоз Камбарканы", элди эмгекке үндөгөн "Эпкиндүү шыңгырама" аттуу күүлөрдү жаратат.
© Фото / предоставлено Жумакадыром КарамолдоевымКарамолдо Орозов 1930-жылы Фрунзеге чакырылып, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист комузчу болуп иштей баштайт.
Музыкант и комузист Карамолдо Орозов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Карамолдо Орозов 1930-жылы Фрунзеге чакырылып, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист комузчу болуп иштей баштайт.

Эмгек жолу

Карамолдо Орозов 1930-жылы Фрунзеге чакырылып, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, комузчу болуп иштей баштайт.
1936 — жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик филармониясында композитор, дирижёр, П. Шубин уюштурган эл аспаптар оркестринде музыкант, комузчу болуп эмгектенет;
1939 — СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат;
1951 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты.
1958-жылдан көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, белгилүү музыканттар Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевге устат болгон.
© Фото / из семейного архива Сардарбека ЖумалиеваКарамолдо Орозов 1958-жылдан көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, белгилүү музыканттар Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевге устат болгон.
Народный артист КР, композитор и дирижер Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Карамолдо Орозов 1958-жылдан көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, белгилүү музыканттар Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевге устат болгон.

Сыйлыктары

1935-жылдын 22-декабрында Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Карамолдо Орозовдун калк алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып, кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылат. Мындан сырткары, эки Ардак белгиси ордени, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасына катышып, Эмгек кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Чыгармачылыгы

1928-жылы музыка таануучу Александр Затаевич биринчилерден болуп Карамолдонун 30дай күүсүн нотага түшүргөн. Залкардын элдин өткөндөгү турмушун баяндаган "Камбаркан", "Сынган бугу", "Көкөй кести", "Чоң кербез" күүлөрү, ошондой эле философиялык мазмундагы "Насыйкат", "Ибарат", "Ботой" күүлөрү эл арасында кеңири чертилет. Бул эмгектери бир нече симфониялык жана опералык чыгармаларга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарына негиз болуп кирген. Мындан сырткары, "Жаа – Толгоо", "Келиндердин кер толгоо", "Такмаза", "Мас күйөө" аттуу мыскыл-тамаша түрүндөгү күлкүлүү окуялар, аялдардын турмушу сүрөттөлгөн күүлөрү бар.
Өзүнүн аткаруусундагы күүлөрү Москванын жана Кыргызстандын радиофондуна жазылып калган. 38 күүсүнүн CD альбому жарык көргөн.
Карамолдо Орозов экинчи үй-бүлөсүнөн төрт уул, бир кыздуу болот. Улуу комузчу 1960-жылы 8-июлда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.
1961-жылы 25-февралда Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке, Корумду айылындагы орто мектепке, Бишкек шаарындагы бир көчөгө Карамолдо Орозовдун ысымы берилген.
Калем. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0