Асанбек Стамов — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива СтамовыхКыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов. Архивдик сүрөт
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган.
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1964-1966 — радиокомитетте редактор, улук редактор;
1967-1969 — Кыргызстан мамлекеттик басмасынын улук редактору;
1969-1971 — Кыргызстан КП БКнын аппаратында инструктор;
1971-1973 — Кыргызстан мамлекеттик басмасынын директору болуп дайындалган;
1973 — Кыргыз ССРинин маданият министринин биринчи орун басары;
1985-1987 — Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинин төрагасы;
1985-1990 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
1987-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору, 1989-жылы "Чалкан" журналынын редактору, 1992-жылы пенсияга чыкканга чейин "Учкун" мамлекеттик концернинин төрагасы болуп иштеген.
© Фото / из семейного архива СтамовыхНародный писатель КР и государственный деятель Асанбек Стамов
Народный писатель КР и государственный деятель Асанбек Стамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023

Алгачкы кадам

Чыгармачылык жолун 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повестин басуудан баштайт. Биринчи китеби 1966-жылы "Таанышуу" деген ат менен "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн. 1975-жылы "Жаңы тууган" повести үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.
"Таанышуу", "Кеч күздө", "Жаңы тууган", "Нөшөрдөн кийин", "Ак кар", "Жол боюнда жалгыз там", "Эгиз тал", "Чүй дастандары" аңгеме-повесттерден турган китептери Москвада басылып, "Кыргыз жазуучуларынын антологиясына" киргизилген. Ошондой эле Азис Несиндин, Муса Жалилдин чыгармалары боюнча котормолору жарыкка чыккан. Жазуучунун чыгармалары башка чет тилдерге да которулган.
Асанбек Стамов эгемен жылдардан тарта 20 жылдай кыргыз элинин ХVI кылымдан берки тарыхын изилдеп "Хан Тейиш" романын жазган. Жазуучунун көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү анын бардык чыгармалары камтылган 12 томдугун чыгарган.
© Фото / из семейного архива СтамовыхАсанбек Стамов 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган
Народный писатель КР и государственный деятель Асанбек Стамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Асанбек Стамов 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган

Сыйлыктары

1967-жылы СССР Журналисттер союзунун, 1969-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, СССРдин Ардак белгиси ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган, ошондой эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери болгон.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов 2010-жылы 7-августта 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Таттыбүбү Турсунбаева — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0