Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан кол жууду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт
Депутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Эл өкүлү шаардык соттун чечимине макул болбостон Жогорку Сотко кайрылган.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жогорку сот Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндөгү шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылган.
Эл өкүлү бул чечимге макул болбостон Жогорку Сотко кайрылган.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, Көк-Жар округунан Бакиров утуп чыккан. Былтыр ноябрда Өмүрбек Бакиров парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан болчу. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.
Ал эми декабрда шайлоо учурундагы атаандашы Равшан Рыспаев "добуш сатып алган" деп мурда жабылган ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Ошонун негизинде иш кайра жандандырылган. Саясатчы атаандашы шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч инстанцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун билдирген. Бакировдун айтымында, сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мандат берген.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жогорку Кеңештин эки депутаты жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратылды
Жаңылыктар түрмөгү
0