Сандык

Кыргыздар баалуу буюмун кантип сактаган
Көчмөн турмушта кыргыздар сандыктын түрүн колдонуп, аны усталарга атайын буюртма менен жасатып өзгөчө мамиле кылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги сандык жөнүндө кызыктуу инфографика даярдады.
Көчмөн турмушта кыргыздар сандыктын түрүн колдонуп, аны усталарга атайын буюртма менен жасатып өзгөчө мамиле кылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги сандык жөнүндө кызыктуу инфографика даярдады.
Кыргыздын жыгач усталары сандыкты негизинен жакшы кургатылган арча, карагай, өрүк, кайыңдан жасап, сыртын булгаары же шире менен каптап, оймо-чиймелерди түшүрүп, түстүү баалуу металлдар менен кооздогон.

Жагдан

Жагдан — боз үйдүн төрүнө коюлчу сандыктын бир түрү. Аны жыгач уста менен зергерлер өзгөчө аземдеп жыгачтан жасап, сыртын кол булгаары же ашатылган чылгый шире менен каптаган.
Андан соң маңдайкы бетине улуттук оюуларды түшүрүп, күмүш зымдар менен из калтырган. Күмүш бөрктүү гүл мыктар урулуп, куйма кооз топчулар чөгөрүлгөн. Ал эми ичи шири менен капталган. Үстүндөгү капкагы менен негизги бөлүгүнүн ортосуна кулпу салгычы орнотулуп бекитилген.

Айрым учурда жагдандын сыртына темир да капталып, устанын жөндөмүнө жараша кооздолуп, ага айнек, акак, жакут, зумуруд өңдүү асыл таштар чөгөрүлгөн. Андагы өзгөчөлүктөр үй ээсинин мал-жанынан, статусунан кабар берген. Көбүнчө жагдандын маңдайкы бети гана мыкты көркөмдөлүп, калган беттери жупуну болгон. Андай сандык ар кандай формада жана көлөмдө жасалган.

Ага үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийим-кечеси, зер буюмдары, баалуу оокаттары, алтын, күмүштөн куюлган куймалары сакталган.

Кызын турмушка узаткан ата-эне сепке жагданды аймактагы мыкты усталарга жасатып кошуп берген. Анын ичинде кызга тиешелүү бардык оокат-кечеси салынган.

Үкөк

Үкөк — тамак-аш, азык-түлүк, идиш-аяк салынчу жыгачтан жасалган анча чоң эмес сандыкча. Жыгач усталар үкөктүн маңдайкы бетине оюм-чийим түшүрүшкөн.
Сырты менен ичи тери, шире капталбай жөнөкөй жасалат. Ал боз үйдүн оң жагына коюлуп негизинен кожойкелер пайдаланган. Үстүндө бир эле туткасы болуп, кичинекей кулпу салгычы болот.

Көмүркөй

Көмүркөй — эркектин аспап, куралдары сакталуучу сандыкча. Ал боз үйгө киргенде сол жакта турат. Көмүркөй темирден, жыгачтан анча чоң эмес көлөмдө жасалып, туткасы үстүндө болот.
Ичине устачылыкка, зергерчиликке, теричиликке керектүү оор оокаттар салынгандыктан тери менен капталып бышыкталган.

Төө сандык

Төө сандык — көлөмү чоң сандык. Аны кыргыздар көчүп-конгондо ичине буюм-тайымын салып колдонгон. Оор болгондуктан эки капталында туткасы, капкагында кулпусу болгон.

Кол сандык

Кол сандык — анча чоң эмес жеңил сандык. Бир кишиге ылайыкталгандыктан капкагында бир эле тутка орнотулат. Анын ичине куда күткөн ата-энелер кызынын куурчагын, шакегин, билеригин, чач учтугуна чейин салып берген.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Бешик жана анын тарыхы
Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Амантур Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китеби, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн "Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк", КР эл сүрөтчүсү, чебер Ишенбек Чалановдун маеги, ачык булактар.

Фото
Россиянын илимдер академиясынын Петр Великий атындагы антропология жана этнография музейи

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0