Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян

Жазылуу
Бүгүн белгилүү жазуучу, драматург Султан Раевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин сүрөттөрүн сунуштайт.
Султан Раев 1958-жылы 13-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептен соң Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калып аскерге кетет. 1984-жылы борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Жаш калемгер эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы болуп баштап, "Кыргызстан маданияты", "Жаштык жарчысы", "Кыргыз руху" басылмаларында эмгектенген. Андан соң АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтүп 2004-2005 жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болгон.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган. Азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы.
Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреатынын "Жанжаза", "Топон" романдары, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилинде жарык көрүп, "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек" "Илек-илек", "Таажы" драмалары бир топ чет элдик театрларда коюлган.
© Фото / из личного архива Султана Раева

Султан Раев кинорежиссёр болууну самаган. Бирок Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калган

Султан Раев кинорежиссёр болууну самаган. Бирок Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калган - Sputnik Кыргызстан
1/17

Султан Раев кинорежиссёр болууну самаган. Бирок Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калган

© Фото / из личного архива Султана Раева

Аскерден келген соң Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, кабарчы болуп иштей баштаган

Аскерден келген соң Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, кабарчы болуп иштей баштаган - Sputnik Кыргызстан
2/17

Аскерден келген соң Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, кабарчы болуп иштей баштаган

© Фото / из личного архива Султана Раева

Студент кезинде "Жаңырык" деген музыкалык топто бас гитарада ойноп, эл алдына ырдап чыккан жайы бар

Студент кезинде "Жаңырык" деген музыкалык топто бас гитарада ойноп, эл алдына ырдап чыккан жайы бар - Sputnik Кыргызстан
3/17

Студент кезинде "Жаңырык" деген музыкалык топто бас гитарада ойноп, эл алдына ырдап чыккан жайы бар

© Фото / из личного архива Султана Раева

Раев бир катар басылмаларда кабарчы болуп иштеген. Сүрөттө кесиптештери менен

Раев бир катар басылмаларда кабарчы болуп иштеген. Сүрөттө кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
4/17

Раев бир катар басылмаларда кабарчы болуп иштеген. Сүрөттө кесиптештери менен

© Фото / из личного архива Султана Раева

Жазуучу 90-жылдары "Кыргыз руху" басылмасын негиздеп иштеткен

Жазуучу 90-жылдары "Кыргыз руху" басылмасын негиздеп иштеткен - Sputnik Кыргызстан
5/17

Жазуучу 90-жылдары "Кыргыз руху" басылмасын негиздеп иштеткен

© Фото / из личного архива Султана Раева

Раев белгилүү акын, адабий сынчы Камбаралы Бобулов менен

Раев белгилүү акын, адабий сынчы Камбаралы Бобулов менен - Sputnik Кыргызстан
6/17

Раев белгилүү акын, адабий сынчы Камбаралы Бобулов менен

© Фото / из личного архива Султана Раева

Жаштык кез. Султан Раев, Өмүрбек Абдрахманов, Табылды Эгембердиев

Жаштык кез. Султан Раев, Өмүрбек Абдрахманов, Табылды Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
7/17

Жаштык кез. Султан Раев, Өмүрбек Абдрахманов, Табылды Эгембердиев

© Фото / из личного архива Султана Раева

Калемгер Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамай менен

Калемгер Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамай менен - Sputnik Кыргызстан
8/17

Калемгер Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамай менен

© Фото / из личного архива Султана Раева

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди АКШда коштоп жүргөн учуру

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди АКШда коштоп жүргөн учуру - Sputnik Кыргызстан
9/17

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди АКШда коштоп жүргөн учуру

© Фото / из личного архива Султана Раева

Раев 2007-жылы "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон

Раев 2007-жылы "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон - Sputnik Кыргызстан
10/17

Раев 2007-жылы "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон

© Фото / из личного архива Султана Раева

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раев

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раев - Sputnik Кыргызстан
11/17

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раев

© Фото / из личного архива Султана Раева

Кичинекейлер менен ойногон коомдук ишмер

Кичинекейлер менен ойногон коомдук ишмер - Sputnik Кыргызстан
12/17

Кичинекейлер менен ойногон коомдук ишмер

© фото из семейного архива Султана Раева

Залкар жазуучу апасы менен

Залкар жазуучу апасы менен - Sputnik Кыргызстан
13/17

Залкар жазуучу апасы менен

© Фото / из личного архива Султана Раева

КРдин эл артисти Султан Раев менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушуулардын биринде

КРдин эл артисти Султан Раев менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушуулардын биринде - Sputnik Кыргызстан
14/17

КРдин эл артисти Султан Раев менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушуулардын биринде

© Фото / из личного архива Султана Раева

Драматургдун көптөгөн спектакль, драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларда коюлуп келет

Драматургдун көптөгөн спектакль, драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларда коюлуп келет - Sputnik Кыргызстан
15/17

Драматургдун көптөгөн спектакль, драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларда коюлуп келет

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Раев буга чейин маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген

Раев буга чейин маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген - Sputnik Кыргызстан
16/17

Раев буга чейин маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген

© Фото / из личного архива Султана Раева

Султан Раев азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы кызматында. Сүрөттө белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз экөө

Султан Раев азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы кызматында. Сүрөттө белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз экөө - Sputnik Кыргызстан
17/17

Султан Раев азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы кызматында. Сүрөттө белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз экөө

Тема боюнча:
Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0