Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттанат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Эл өкүлү курултай өткөрүүгө жарлык чыгарууга президенттин укугу болбогонун белгиледи.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттана турганын билдирди.
"Мен азыр жарыя кылайын. Курултай чакыруу жөнүндө мыйзамсыз чыккан жарлык боюнча мен азыр саат 12:00дө барып Конституциялык сотко арыз тапшырам. Мен далилдеп берем. "Эгер ушул мамлекетте адилеттүүлүк болсо, курултай мыйзамсыз өттү. Курултай өткөрүүгө жарлык чыгарууга эч кимдин укугу жок, бул менин эмес Конституциянын каалоосу" деп даттануу жаздым", — деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкекте курултай өткөн.
Депутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Эч кимдин акысы жок! Депутаттар Бакировго кабинетин кайтарууну талап кылышты
Жаңылыктар түрмөгү
0