Кызматчысы кол чатырын көтөргөн прокурор президенттин администрациясына келди

© Фото / Турат БектеновПрезиденттик администрациянын Президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Нурлан Сулайманкулов. Архив
Президенттик администрациянын Президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Нурлан Сулайманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
2016-жылдын май айында социалдык тармактын колдонуучулары Сулайманкуловдун колду аркага алып кызматчысына кол чатыр тостурган сүрөтүн талкууга алган.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Нурлан Сулайманкулов президенттик администрациянын Президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин аталган кызматта Айбек Жунушалиев болгон. Бүгүн ал президенттик администрациядан жаңы кызмат алып, башка башкармалыкты жетектемей болду.
Эске салсак, 2016-жылдын май айында социалдык тармактын колдонуучулары Сулайманкуловдун колду аркага алып кызматчысына кол чатыр тостурган сүрөтүн талкууга алган. Ошол учурда ал Бишкек шаарынын прокурору болчу. Коомчулук аны "бай-манап" деп сындап, кийин интернетте ошол сыяктуу бир нече аткаминердин сүрөтү пайда болгон.
Ошол эле жылдын июль айында Сулайманкулов иштен бошотулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуучу атайын прокурор болуп дайындалган.
Андан кийин Сузак районунун прокурору болуп иштеген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев иштен кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0