Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болду

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүү2012-2018-жылдары ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев. Архив
2012-2018-жылдары ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Жазылуу
Абдылдаев 2012-2018-жылдары ТИМ башчысы болгон.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Абдылдаев 2012-2018-жылдары ТИМ башчысы болгон.
Буга чейин Тажикстанда элчилик кызматты Жаныш Рустенбеков аркалап келген. Президент аны кызматтан февралдын башында бошоткон.
Кыргыз алтын ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган Жарасул Абдураимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
"Кыргыз алтын" компаниясынын төрагасы болуп Жарасул Абдураимов дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0