АКШда жол кырсыгынан каза болгон КР жаранынын сөөгү мекенине бүгүн жөнөтүлөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн АКШдагы мекендештер бир күндө 16 миң 887 доллар чогултушкан.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк штатынын Бруклин районунда жол кырсыгына кабылып, ооруканадан каза болгон 25 жаштагы КР жаранынын сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Операция жасалуучу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: АКШда жол кырсыгынан жабыркагандардын бирөөсүнө операция жасалды
Белгилей кетсек, 24-майда АКШдагы эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган 25 жаштагы кыргыз жигит 28-майда каза болгон.

КРдин АКШдагы элчилиги Muslims Funeral Services of New York жерге берүү бюросунан кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жиберүү боюнча керектүү болгон бардык документтерди алган.

Эскертсек, кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн АКШдагы мекендештер бир күндө 16 миң 887 доллар чогултушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0