Жээнин атып салды деп шектелген милиционердин ишин прокуратура тергеп жатат

Жазылуу
Каргашалуу окуя 10-майда кечки саат сегиздер чамасында болгон.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында жээнин атып салды деп шектелген милиция кызматкеринин ишин прокуратура тергеп жатат. Бул тууралуу ОИИБден билдиришти.

Каргашалуу окуя 10-майда кечки саат сегиздер чамасында болгон. Маалыматка ылайык, шектелип жаткан 28 жаштагы жаран Каракол ШИИБде иштейт. Андыктан кызмат адамы катышкан кылмыш ишин прокуратура карай турганын ОИИБден кабарлашты. 

"Бул окуяга кызмат адамы катышып жаткандыктан бардык иштер прокуратурага берилди. Ишти ошолор тергейт", — дейт башкармалык.

Акча жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 1,5 миң сом үчүн адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды
Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон жаран бир канча күндөн бери арак ичип, туугандарына тынчтык берген эмес. Каргашалуу окуянын болушуна ушул да түрткү болушу мүмкүн деп айтылууда.

Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран Каракол шаардык убактылуу жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0