Ысык-Көлдө жээнин атып салды деп милиционер шектелип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган милиционер. Архив
Тапанча кармаган милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын кызматкери милицияга өзү келип, киши өлтүргөнүн айтып берген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Каракол Ички иштер бөлүмүнүн милициясы өзүнүн жээнин атып салды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын айтымында, окуя кечээ Теплоключенка айылында болгон. Шектүү Ак-Суу районунун милициясына өзү келип, кылмыш кылганын айтып берген.

Киши өлтүрүү фактысы боюнча бир катар экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы тактала элек. 

Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат. Шектүү жаран камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0