Эсептөө палатасынын төрагасы президентке аудит системасындагы реформа тууралуу айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.
Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков дайындалды
Марипов өлкө башчысына республикалык бюджеттеги каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын ичинде мамлекеттик аудит системасын мындан ары реформалоо, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү, мамлекеттик аудит системасында коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтты.

Атамбаев мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча аудитти сапаттуу ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0