Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын бюджетине кол койду

Жазылуу
2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштышы 22 454 миллион сом деп болжолдонууда, бул ИДПга карата 4,5 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 1-янв. —Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомол жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Столдогы тыйындар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кийинки жылы бюджеттин таңсыктыгы 22,4 миллиард сомду түзөт
Мыйзамда республикалык бюджеттин кирешелери расмий трансферттер менен 124,4 миллиард сом суммасында бекитилет, бул ИДПга карата 24,8 пайызды түзөт. 2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 146,8 миллиард сомдун, же ИДПга карата 29,3 пайыздын денгээлинде белгиленген.

Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 2016-жылы 21 870 миллион сом пландаштырылууда.

2016-жылы капиталдык салымдар 4 760,9 миллион сом суммасында каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0