Кыргызстандыктардын көбү кызмат көрсөтүү тармагында иштейт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЧач тарач. Архив
Чач тарач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитети өлкөдөгү аялдар кайсыл тармакта көп иштерин аныктады.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда иштегендердин арасында аялдарды кызмат көрсөтүү тармагы көп кызыктырат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыркы окуу жылында 11 бүтүрүүчү "Алтын тамга" аттестатын алган
Маалыматка ылайык, дүкөн, кафе жана чач тарачканада иштегендердин 46 пайызы аялдар. 

Андан сырткары дыйкан чарбасында иштеген аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Азыр жүз кишинин 45и аялдар. Беш жыл мурда алардын саны жүз кишиге 39 туура келчү.

Ошондой эле, өнөр жайда иштеген аялдардын саны өсүүдө. Учурда алардын пайыздык көрсөткүчү 44 пайызга барабар.

Курулуш тармагында аялдар дээрлик жок. Жыйырма курулушчуга бир гана аял туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0