Сариев: ШКУ алкагында билим берүү жана туризмди өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыт

Жазылуу
Өкмөт башчы маданият жаатындагы иш-чараларды колдоого алуу зарылчылыгын белгиледи.

ЧЖЭНЧЖОУ, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында билим берүү жана туризм тармактарын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт деп эсептей турганын премьер-министр Темир Сариев өкмөт башчылардын жыйынында билдирди.

ӨКМ кызматкерлери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ШКУга табигый кырсыктар менен бирге күрөшүүнү сунуштоодо
Жыйын 14-15- декабрь күндөрү Чжэнчжоу шаарында өтүүдө. Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Кытайга кечээ расмий сапар менен келди.

Сариевдин айтымында, Кыргызстан маданият тармагындагы иш-чараларды колдоого басым жасоо зарыл. 

Шанхай кызматташуу уюмуна Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0