Кыргызстан ШКУга табигый кырсыктар менен бирге күрөшүүнү сунуштоодо

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери окуу учурунда. Архив
ӨКМ кызматкерлери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында ШКУ ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

ЧЖЭНЧЖОУ, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнү сунуштай турганын премьер-министр Темир Сариев өкмөт башчылардын жыйынында билдирди.

Жыйын учурунда чиновниктин портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШКУ өкмөт башчылары кол кое турган документтер белгилүү болду
Жыйын 14-15- декабрь күндөрү Чжэнчжоу шаарында өтүүдө. Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Кытайга кечээ расмий сапар менен келди.

Сариев өзгөчө кырдаалдардын алды алуу боюнча кызматташууну өнүктүрүү уюмдун бардык өлкөлөрү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө кызыкдар.

Мындан тышкары, премьер-министр ШКУнун Ишкерлер кеңешинин ишин жана жаңыланган энергия булактарын пайдалануу боюнча долбоорлордун реестрин түзүүнү колдой турганын билдирди.

Шанхай кызматташуу уюмуна Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0