ШКУ өкмөт башчылары кол кое турган документтер белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйын учурунда чиновниктин портфели. Архив
Жыйын учурунда чиновниктин портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрлер 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарып, кийинки көрүлө турган аракеттерди талкуулашат. Мындан тышкары, кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

ЧЖЭНЧЖОУ, 15-дек. — Sputnik. Шанхай кызматташуу уюмунун өкмөт башчылары кол кое турган документтер белгилүү болду.

Жыйын 14-15- декабрь күндөрү Чжэнчжоу шаарында өтүүдө. Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Кытайга кечээ расмий сапар менен келди.

Учурда жыйындын жыйынтыгы боюнча чечим жана уюм алкагында көп кырдуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруудагы ШКУ Секретариатынын отчетун кабыл алуу боюнча документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Аны менен бирге 2014-жылдын финансылык отчеттун аткарылышы жана 2016-жылга бюджетти бекитүү тууралуу документ кабыл алынат.

ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШКУ өкмөт башчылары Кытайда төрт маселени талкуулап жатат
Өкмөт башчылар ШКУ өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун (атайын эсеп) түзүү боюнча иш-чаралар боюнча документке кол коюшат.

Мындан тышкары, документтердин катарында ШКУ мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы байланыштын корголгон маалыматтык-телекоммуникациялык системасын түзүүгө каражат бөлүү да каралган.

Жыйын соңунда Кытайдагы иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюлат. 

Ал эми жыйындын өзүнүн алкагында ШКУ мамлекеттеринин бажы кызматтарынын 2016-2021-жылдарга өз ара аракеттенүү программасына жана уюмдун секретариаты менен Азия жана Тынч Океан үчүн БУУнун экономикалык жана социалдык комиссиясынын секретариатынын ортосунда түшүнүүчүлүк боюнча меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.

Шанхай кызматташуу уюмуна Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Байкоочу катары Афганистан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан өлкөлөрү чакырылган. Сентябрь айында Пакистан менен Индия уюмга кирүү боюнча расмий өтүнүч менен кайрылып, маселе Индияда өтө турган саммитте толук чечилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0