Атамбаев Демирелдин дүйнө салгандыгына байланыштуу Түркия элине көңүл айтты

© AFP / TARIK TINAZAYБывший президент Турции Сулейман Демирель. Архивное фото
Бывший президент Турции Сулейман Демирель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын тогузунчу президенти жана беш ирет дайындалган өкмөт башчысы Сулайман Демирел 91 жашында дүйнөдөн өттү.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын 9-президенти Сулейман Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аталган республиканын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

"Түркия жана жалпы түрк дүйнөсү легендарлуу лидерден, көрүнүктүү саясатчыдан жана мамлекеттик ишмерден айрылды", — деп жазылат телеграммада.

Президент Атамбаев Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, бир тууган жана боордош Түркиянын жалпы элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0