Бишкектин түштүк тарабына эки айланма жол курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планында айтылат. Алардын бири ылдам жүрүүчү магистралдык трасса болсо, экинчиси жол чырак, аялдамасы менен кадимки жол болот. Унаа каттамдары Байтик, Арашан, Баш-Кара-Суу жана Беш-Күнгөй айылдары аркылуу өтөт. Мындан сырткары, борбор калаада 66,8 чакырым трамвай жолу курулат. Анда трамвайлар шаардын түштүк бөлүгүнөн борборго чейин, ошондой эле түштүк-батыштан түштүк-чыгышка чейин каттайт. Алар автобекеттер жана "Манас" аэропорту менен да байланышат. Ошондой эле жалпы узундугу 68,4 чакырым болгон метробус маршруту да каралган. Ал түндүк — түштүк жана түндүк — борбор багыттарында жүргүнчү ташып, вокзалдар жана аэропорт менен туташат.
Бишкекти айланта көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынат Бишкектин чет жакаларында бийик имараттарды курууга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорунда каралган. Ага ылайык, Көк-Жар, Орто-Сай, Чоң-Арык, Беш-Күнгөй, Баш-Кара-Суу, Шалта айылдарында жана Новопокровканын бир бөлүгүндө жеке турак үйлөр гана курулат. Мындан сырткары, калаадагы Киев көчөсүн жөө баса турган көчө кылуу сунушталууда. Тилкенин узундугу — 3,3 чакырым (Бейшеналиева көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин). Бирок коомдук транспорт үчүн жол тилкеси калтырылат.
Улуттук банк «Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл» аттуу күмүш коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ар бир коллекциялык тыйын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо атайын кутучага жайгаштырылган. Тыйынды Улуттук банктын кассасынан 15 миң 350 сомго сатып алууга болот. Шанхай Кызматташтык Уюму 2001-жылы Шанхай шаарында негизделген. Уюмга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп саналат. Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюму түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө.
“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын порталы ишке кирди Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке киргенин билдирди. Маалыматка ылайык, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтер тууралуу толук маалымат ала алышат. Документтерди кабыл алуу программанын расмий платформасы аркылуу жүргүзүлөт. Порталда арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү, тандоо этаптары жана талапкерлерге коюлган талаптар дагы жайгаштырылган. Белгилей кетсек, Эл үмүтү президенттик стипендиясы таланттуу жана келечектүү жаштарды колдоого, сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө жана алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.