РФ менен ЕБге ким ортомчу боло алат? Немец депутаттары Путиндин сунушун колдошту

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Немец депутаттарынын басымдуу бөлүгү Россия президенти Владимир Путиндин Москва менен Евробиримдиктин сүйлөшүүсүндө Германиянын экс-канцлери Герхард Шредер ортомчу боло алат деген пикирин колдошту. Бул тууралуу Spiegel басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.

"Шредердей адамдын жардамы менен эпке келе алсак, учурдан пайдаланып калышыбыз керек. Баш тартуу шалаакылыктын жеткен чеги болот", — деген Германиянын Социал-демократиялык партиясынын депутаты Ральф Штегнер маек учурунда.

Анын айтымында, эгер Европа сүйлөшүүгө бара турган болсо, Россия түзүп берип жаткан бардык мүмкүнчүлүктү колдонушу керек.
Партиянын экс-төрагасы Рольф Мютцених Евробиримдик Шредердин талапкерлигин карап көрүшү керектигин, деген менен Еврокеңештин башчысы Антониу Коштанын Москва менен диалог боюнча буга чейин берген сунушуна көңүл бурушу зарылдыгын белгиледи.
Ушундай эле пикирди "Союз Сары Вагенкнехт - За разум и справедливость" (ССВ) партиясынын депутаты Фабио де Маси да айткан.

"Москва менен алаканы жолго коюу үчүн Шредердей адамды пайдаланбай коюу чоң ката болмок. Эгер ЕБ согушту токтотууга чындап ынтызар болсо, анда Шредерди колдонуп калышы керек", — деп жазган ал соцтармак баракчасына.

Ишемби күнү РФ лидери Владимир Путин маалымат жыйын учурунда Россия менен Евробиримдикке ортомчулук кылууга Германиянын экс-канцлери Герхард Шредердин талапкерлигин сунуштаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Берлин аны четке кагып келет.
Акыркы учурда Европа мамлекеттери тарабынан Россия менен алаканы жандантууга чакырыктар жасалууда. Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта блок мүчөлөрү менен "ыңгайы келгенде" Москва менен жүрө турган сүйлөшүүлөргө даярдыкты талкуулап жатканын билдирген.
Киев менен Евробиримдиктин мамилеси кыйла сууганы айтылды