Министрлик: Кыргызстанда хантавирустун жайылуу тобокелдиги өтө төмөн

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда хантавирустун жайылуу тобокелдиги өтө төмөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, оору Аргентинадан Кабо-Вердеге (Батыш Африка) бараткан круиздик кемеден чыккан. Илдеттен үч кишинин көз жумганы маалым. Вирусту кемирүүчүлөр таратат.

"Туристтер үчүн кооптуулук жок, ошентсе да этият болуу зарыл, өзгөчө табиятка чыкканда сак болуу керек. Мындан тышкары, кыргызстандык туристтер бара турган өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан кабардар болушу кажет. Хантавируска каршы вакцина жок. Бир гана кемирүүчүлөрдөн оолак болуп коргонууга болот", — дешти министрликтен.

Медиктер көзөмөлдү улантууда.
Айыккыс делген Нипах вирусу Индиядан сырт жайылууда