БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз зергерлерин Bvlgari академиясында окутуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен зер буюмдар жана сааттарды чыгарган белгилүү италиялык Bvlgari брендинин өкүлдөрү жолукканда белгилүү болду.
Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Bvlgari компаниясынын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто, каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фриззи, ошондой эле тиешелүү министрликтердин министрлери жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Тараптар зергерчилик тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Негизги багыттардын бири катары кыргызстандык адистерди Bvlgari академиясынын базасында окутуу каралууда. Сөз заманбап технологияларды үйрөтүү, өндүрүштүн алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүү жана ата мекендик зергерлердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу болууда.
Мындан тышкары, зер буюмдарын өндүрүү үчүн Кыргызстандын чийки затын жеткирүү жана өлкөдөгү зергерчилик ишканаларына италиялык технологияларды киргизүү маселеси да талкууланды.
Мындай кызматташтык өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө жана ата мекендик зергерчилик тармагынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берери белгиленди.
Элеонора Риццуто компаниянын Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, иш сапардын алкагында компания өкүлдөрү өлкөдөгү зергерчилик тармагынын абалы менен таанышып, рынокко анализ жана баа берүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле мындан аркы кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландаштырууда.
Жолугушуунун соңунда Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү Кыргызалтын ААКнын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барышты. Алар ал жерде продукциянын түрлөрү жана ишкананын баалуу металлдарды сатуу багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышты.