Израиль АКШнын аскердик жардамынан баш тартууну пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынан баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу ал CBS телеканалына маек куруп жатып айтты.
"Аскердик кызматташтыгыбыздын каржылык бөлүгүн нөлгө түшүргүм келет. Жылына 3,8 миллиард доллар алабыз, эми калган аскердик жардамдан акырындык менен баш тартууга убакыт келди деп ойлойм", — деди премьер.
Нетаньяхунун айтымында, бул дароо эмес, 10 жылдын ичинде этап-этабы менен ишке ашырылмакчы.
Axios ноябрда Израиль АКШ менен коопсуздук боюнча жаңы 20 жылдык макулдашуу түзүүгө далалаттанып жатканын жазган. Анын алкагында Тель-Авив жыл сайын кеминде 4 миллиард долларлык аскердик жардам алып турмак.
Браун университетинин алдындагы Costs of War Project долбоорунун октябрда жарыяланган докладына ылайык, АКШ эки жыл ичинде Израилге 21,7 миллиарддык аскерий жардам жөнөткөн.
Аракчи: Америка Иранга каршы согушка 100 млрд. доллар кетирди