БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Жаңы эле Ирандын "өкүлдөрү" делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!" — деп өлкө лидери Truth Social соцтармагына жазган.
Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран Вашингтондун тынчтык сунушун четке каккан. Ирандыктар демилге "ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет" деген пикирде.
Ирандын жообунда санкцияларды алуу, Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөө, мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү активдерин камактан чыгаруу жана АКШ тарабынан согуштук репарация төлөө камтылган.
Axios Трамп Тегерандын сунушун четке кагарын айтканын жазды.
Эскерте кетсек, тараптарга Пакистан ортомчу болууда.