1,9 млн. кишиге ылайыкташат. Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы бекиди

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти. Документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Пландын алкагында Бишкек 2050-жылга чейин 1,9 миллион калкы бар, ыңгайлуу, коопсуз жана экономикалык жактан туруктуу шаарга айланышы керек.
Негизги жоболор:
эми шаарда имарат курууда жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда башкы план сөзсүз эске алынат;
кайсы аймак эмне максатта колдонулары так аныкталбаган жерлер боюнча чечимди министрлер кабинети чыгарат;
жер мунапысына кирген объектилерге бул документ тиешелүү эмес;
мурда даярдалып, бирок ишке ашпай калган курулуш пландары жаңы планга ылайыкташтырылат.
Бишкек жана Ош боюнча деталдык пландоо долбоорлорун өкмөт бекитүүсү сунушталды