БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабына эки айланма жол курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планында айтылат.
Алардын бири ылдам жүрүүчү магистралдык трасса болсо, экинчиси жол чырак, аялдамасы менен кадимки жол болот. Унаа каттамдары Байтик, Арашан, Баш-Кара-Суу жана Беш-Күнгөй айылдары аркылуу өтөт.
Мындан сырткары, борбор калаада 66,8 чакырым трамвай жолу курулат. Анда трамвайлар шаардын түштүк бөлүгүнөн борборго чейин, ошондой эле түштүк-батыштан түштүк-чыгышка чейин каттайт. Алар автобекеттер жана "Манас" аэропорту менен да байланышат.
Ошондой эле жалпы узундугу 68,4 чакырым болгон метробус маршруту да каралган. Ал түндүк — түштүк жана түндүк — борбор багыттарында жүргүнчү ташып, вокзалдар жана аэропорт менен туташат.