БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, чечим Владимир Путин менен америкалык президенттин жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болуп саналат.
Ушаков Трамптын демилгеси Жеңиштин 81 жылдыгына туш келгени өтө маанилүү экенин белгилеп, АКШ согуштук аракеттерди токтото туруу талкууланган маалда Украина менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун кошумчалаган.
Тараптар миңден туткун алмашуу тууралуу да бир пикирге келишкен.
Владимир Зеленский тынчтык режимине макул болгонун билдирип, туткун алмашуу үчүн зарыл нерсенин баарын даярдоого буйрук бергенин маалымдады.
Белгилей кетсек, апрелдин соңунда Путин Трамп менен телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, 9-Майга карата элдешүү жарыялоого даяр экенин билдирген. Лидерлер европалыктардын шыкагы менен Киев режиминин жетекчиси жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатат деген орток пикирге келишти.