Путин: совет элинин эрдиги дүйнөнү нацизмден сактап калган

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Совет элинин эрдиги дүйнөнү нацизмден сактап калган. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянттагы майрамдык парадда айтты.
РФ лидери Жеңиш күнүн өлкөнүн эң ыйык, эң маанилүү майрамы деп атап, совет жоокерлеринин эрдиги эч качан унутулбай турганын белгиледи.
Путиндин айтымында, нацисттик Германия Советтер Союзун басып алып, анын байлыгын ээлөөнү, маданиятын жана тарыхый мурасын жок кылууну, көп улуттуу совет элин кулга айлантып, геноцид жүргүзүүнү көздөгөн.

"Нацисттик стратегдер баарын эсептеген, бирок совет элинин руханий күчүн эске алган эмес", — деди Путин.

Ал совет эли душманга каршы бир муштумдай биригип, фронт менен тыл бир бүтүн болуп күрөшкөнүн айтты. Президент жоокерлердин, партизандардын, тылдагы эмгекчилердин жана окумуштуулардын салымын өзгөчө белгиледи.
Путин Улуу Жеңиш оор жоготуулар жана чоң курмандыктар менен келгенин айтып, согушта каза болгондордун элесине таазим кылды. Ошондой эле ал Россияда тарыхты сактоо жана жеңүүчүлөрдүн мурасын урматтоо ар-намыстын иши бойдон каларын белгиледи.
Москвадагы Жеңиш парадын түз эфирден көрүүгө болот.
Жапаров: Жеңиш аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген, түбөлүк карызбыз