БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Федерациясынын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.
"Ушул маанилүү күнү биз сансыз курмандыктарга жана кыйынчылыктарга чыдап, нацизмди талкалап, өз жеринин эркиндигин коргоп калган жеңүүчүлөр муунуна — аталарыбызга жана чоң аталарыбызга таазим этип, урмат көрсөтөбүз. Согуштун оор жылдарында бекемделген достук жана өз ара жардамдашуу салтына негизделген Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле мындан ары да өнүгөт деп ишенем", — деди ал.
Путин ошондой эле кыргыз жеринде жашап жаткан согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады.