Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

9-Майды белгилеп жаткан Мариуполго кол салган украин бийлиги. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Украинанын улуттук батальондору өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө таянып Жеңишти майрамдап жаткан Мариуполь шаарына кол салган. Каргашаны @SputnikLive эске салды.
Ал күнү Мариуполдун миңдеген тургуну ата-бабалардын эрдигине таазим этүү үчүн көчөгө чыгышкан эле. Улуттук батальондор милициядан "россиялык митингди" курал менен таркатууну талап кылат, бирок тартип сакчылары элге ок чыгаруудан баш тартат.
Куралды биринчи болуп майдандык бийлик дайындаган Мариуполь милициясынын башчысы алып, кол алдындагы кызмакерди атып салат да, кабинетине бекинип "жардам" чакырат. Баш бербей жаткан милиционерлерди "тынчытууга" "Азов"* жана "Днепр"** улуттук батальондорунун согушкерлери БМП-2, БТР-70 менен кошо тартылган.
Жай тургундарды башаламан аткылап, гвардиячылар шаардык милициянын имаратына келип, гранатометтон ок чыгарышат.
Ушу кезге чейин улутчулдардын огунан бийликке каршы чыккан милиция кызматкерлери менен жай жашоочулардын канчасы өлгөнү белгисиз.
* — Россияда тыюу салынган уюм
** — Россияда тыюу салынган уюм
ЕБден Киев Москвадагы парадды үзгүлтүккө учуратса кесепети кандай болорун айтышты